Малабашова кепти соңку учурларда өзүн блогер, психолог, коуч деп айткысы келбей калганынан баштады. Айтымында, жолдошу менен бирге түтүн булатканына 43 жыл болду, бизнесте 20 жыл иштеген. Ушул жылдар аралыгында топтогон тажрыйбаларын жаштар менен бөлүшүп, аларга турмуштук маселелерде насаатчы боло алам деп эсептейт.
Баракчасына көбүнчө аялдар катталган, кеңеш алуу үчүн кайрылгандардын 90 пайызы да аялдар. Анын ичинде кайнене-келин маселесин чечишүүгө жардам сурагандар көп. Мындан улам Малабашова бул теманы жеке баракчасында улантып, видео тартып жүктөп турат. Мындай темадагы видеолор баарынан көп көрүлүп, пикирин бөлүшкөндөр четтен чыгат.
Коуч маегинде өзүнүн кайненесин эскерип, анын мамилесин баяндап жатып көзүнө жаш алды. Ошондой эле үй-бүлө кургандан берки жарым кылымга жакын убакыт аралыгында күйөөсү менен олку-солку учурларда ажырашып кетпегенине кубанарын айтты.
"Урушуп, талашкан күндөр да болду. Ажырашам деген ой 100 жолу, миң жолу келди. Бирок "кетем" деп такыр үйдөн чыкпаптырмын. Азыр эми неберелерди чогуу жыттап, алардын кыял-жоругун, таттуу учурларын көрүп отуруп, ажырашпаган аябай жакшы экен да деп ойлоп коем. Кудай сактап калыптыр дейм", – деди Малабашова.
Тема боюнча: