Күн жылыйт. 16-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 17-ноябрга чейин өлкө боюнча күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, алдыдагы аптада күн жылып, жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас

Апта ичи аймактарда жаан-чачын болбой турганы божомолдонду. Синоптиктер абанын температурасы 15...17 градуска чейин көтөрүлөрүн айтууда.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Республиканын түштүк региондорунда дагы 16-ноябрга чейин күн ачык болот. Аймактарда күн 18 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл

10 жана 13-ноябрда айрым жерлерде жамгыр жаайт. Синоптиктер калган күндөрү жаан-чачын болбой турганын айтышты.

Нарын

Нарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Катуу суук болобу? Ноябрга карата аба ырайы