Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Депозиттерди коргоо фондунун жалпы көлөмү 9 миллиард сомго жеткенин айтты. Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү ушул жылдын тогуз айына карата 815 миллиард сомдон ашты. Сумма жыл башынан бери 205 миллиард сомго көбөйгөнАнын айтымында, банктардагы депозиттин көлөмү кийинки жылы 1 триллион сомго жетери болжолдонууда. Ошондой эле ал калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурсун сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү чаралары күчөтүлөрүн кошумчалады.
БРИКС - 2025 эл аралык муниципалдык форуму Санкт-Петербургда өтөт. Уюштуруучулар маалымдашкандай, бул иш-чара шаардык жана аймактык өнүгүүдө тажрыйба, технологиялар жана чечимдер менен алмашуу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форум Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени форумдун жүрүшүндө делегациялар шаарларды санариптештирүү боюнча россиялык жана кытайлык мисалдарды кылдат изилдөөгө, калдыктарды, сууну жана энергияны башкаруу тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Форум ар кандай долбоорлорго жеке инвестицияларды тартууга да чоң өбөлгө түзөт. Мында ишканалар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы тыгыз кызматташуунун ийгиликтүү мисалдары менен таанышууга болот. Бул турак жай жана коммуналдык кызматтарда, экология, транспортто жана башка тармактарда жаңы технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлор көрсөтүлмөкчү.
Борбор калаада "Антикино" аталышындагы рейд жүрүп жатканын Бишкек ШИИБинен кабарлашты.Кечээ, 8-ноябрда, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат менен ӨКМдин кызматкерлери шаардагы кино койгон жайларды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Аталган жайларда баңгизаттын бар-жогу кызматтык иттер менен текшерилген. Шаардык милиция "Антикино" коомдук тартипти, адеп-ахлак нормаларын сакташы керектигин эскертет.Ошондой эле ата-энелерге кайрылып, жашы жете элек балдарын саат 22:00дөн кийин кароосуз калтыргандар административдик жоопкерчиликке тартыларын айтты. **Украина Куралдуу күчтөрү Батыштын колдоосу азайганынан жана өздүк курамдагы дезертирликтен улам оор абалга тушукту. Бул тууралуу аскер аналитиги Хендрик Леммер ZDF телеканалынын эфиринен билдиргенин РИА Новости жазды. "Мындай жагдай оор техниканын, ыраакка атылуучу жана абадан коргонуу системаларынын жетишсиздигине байланыштуу. Батыштан колдоо кыйла азайды", — деген эксперт. Леммердин айтымында, ырааттуу коргонуп, фронттогу маанилүү аймактарды колдон чыгарбай кармап туруу мүмкүн болбогондуктан украин жоокерлери согуш чектерин таштап кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Аналитик укрин армиясынын түпкү көйгөйү өздүк курамдын жетишсиздиги экенин кошумчалап, мобилизация начар жүрүп жатканына токтолгон. Октябрдын соңунда украиналык "Слово и дело" басылмасы өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянуу менен сентярь айында аскер бөлүгүн таштап кетүү боюнча 17 миңден ашуун иш козголгонун билдирген. Ал эми украиналык журналист Владимир Бойко ушул жылдын сегиз айында дезертирлик менен кызматын таштап кеткен 143 миң учур катталганын, 2022-жылдын февралынан тарта эсептей келгенде бул сан 265 миңден ашарын жазган болчу.