Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кечээ жалпы өлкө аймагында 30 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалылатта белгиленгендей, чүчүкулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык байкоочулар катышты. Ошондой эле ал мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча өткөрүлдү. Андан сырткары талапкерлер шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту. Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.
НАТОнун мурунку баш катчысы жана Норвегиянын финансы министри Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянс Үчүнчү дүйнөлүк согуш ачпай турганын Times гезитине маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Столтенбергдин айтымында, 2022-жылы ал Владимир Зеленскийдин Украинанын асманына эч нерсе учпагыдай зона түзүү талабынан баш тарткан. Эгер киев режиминин башчысы айткандай болсо, НАТО Россия менен Беларуста турган абадан коргонуу системаларына сокку урууга мажбур болмок. "Россиянын учагы же тик учагы асманга көтөрүлө турган болсо, биз аны атып түшүрүшүбүз керек болмок да НАТО менен Россиянын кадимки согушу башталмак. Биз аны каалабайбыз. Ошол кездеги президент Жо Байден айткандай, Украинага карашалап Үчүнчү дүйнөлүк согуш ачууга барбайбыз", — деди Столтенберг. Ал ошондой эле НАТО Киев аскер күчүн жөнөтпөй Россия — Украина жаңжалына туура мамиле жасап жатканын билдирген.
Стамбулдун башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана бир катар жогорку кызматтагы израилдик расмий жетекчилерге Газа тилкесиндеги геноцид боюнча айып коюп, колго түшүрүү ордерин берди. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, жалпы 37 адам, анын ичинде коргоо министри Исраэль Кац да геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча айыпталууда. Прокуратура Израиль бийлигин Газаны массалык бомбалоо, гуманитардык жардамдын жетишине тоскоолдук кылуу жана калкты кырган деп эсептейт. "Тергөө Израиль октябрь айында "Флотилия стойкости" аттуу гуманитардык миссиянын катышуучуларын кармагандан кийин башталган. Алар Түркияга депортацияланып, дарыгерлер жана психологдордун текшерүүсүнөн өткөн. Анын жыйынтыгы адамзатка каршы кылмыштардын далилдерин көрсөттү", — деп билдирген прокуратура. Буга чейин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Газаны ачарчылык каптаганын жарыялаган. Газанын администрациясы гуманитардык жардам калктын муктаждыгынын 15 пайызын гана камсыздап жатканын билдирген. Учурда Түркия менен Израилдин соода алакасы расмий түрдө токтотулган. Эки тарап азыр атайын кызматтар аркылуу гана байланышта.