10-ноябрга карата аба ырайы

10-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 10…15, Ысык-Көлдө 6…11, Нарын өрөөнүндө 2…7 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 7…9, Ош шаарында 12…14 градус болот.
Күн жылыйт. 16-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолу