Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн кампаларды сатып алмакчы

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттар жайгаша турган ири кампаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу NBC Ак үйдүн кызматкерлерине таянуу менен жазды.
"Трамптын администрациясы алгач Amazon сыяктуу компаниялардын кардарлары үчүн долбоорлонгон чоң кампаларды сатып алып, аларды депортацияланчу мигранттарды жайгаштырууга ылайыктоону карап жатат", — деп айтылат маалыматта.
Бул максатка негизинен АКШнын түштүгүндөгү, иммигранттар чыгарыла турган аэропорттордун жанындагы кампалар каралууда. Сүйлөшүүлөр алгачкы этабында экени, болжолдуу баасы бычыла электиги белгиленди.
Эскерте кетсек, Трамп инаугурациясы өткөн 20-январда Америкага мыйзамсыз киргендердин агымын токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялай турганын жар салган. Ал тургай, АКШнын түштүк чек арасындагы абалдан улам өзгөчө кырдаал киргизген болчу.
АКШ мигранттарды депортациялоо боюнча быйыл рекорд коюшу мүмкүн