БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону жыйынтыктап, жалпысынан 467 кишиге күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу мекеменин малымат кызматы билдирди.
Расмий катталгандардын 276сы — эркек, 191и аялдар болду. №19 округдан эң көп, тагыраагы, 25 талапкер чыкты. Аймакка Сокулук районунун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күнтуу айыл аймактары, Новопавловка айылы, Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштары, Ала-Тоо айылы кирет.
Эң аз беш талапкер №11 округдан (Жалал-Абад облусундагы Манас шаары, Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл өкмөттөрү) болду.
Эң аз беш талапкер №11 округдан (Жалал-Абад облусундагы Манас шаары, Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл өкмөттөрү) болду.
Бүгүн алар чүчү кулак кармап, бюллетендеги катар саны аныкталат. Ошондой эле мамлекеттик ЖМКлардан акысыз эфир алып, басылмага чыгуу үчүн дагы чүчү кулак кармашат.
Кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.