БИШКЕК, 8-ноя. —Sputnik. Россиядан Венгрияга "Түрк агымы" жана "Достук" түтүктөрү боюнча энергоресурс ташыгандар АКШнын санкцияларынан толук бошотулду. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Америка лидери Дональд Трамп менен жолуккандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эми Венгрияга келген заттарды чектеген же же кымбаттаткан санкциялар жок", — деген ал Youtube-каналдагы эфирде.
Ал ошондой эле мамлекеттер "Пакш-2" АЭС долбоорунан санкцияларды толугу менен алып салышканын айткан. Венгрия "Пакш" АЭСи үчүн Россиянын, Франциянын жана Американын күйүүчү майларын сатып алат.
"Биз америкалык Westinghouse Венгриянын атомдук өнөр жайына кошулат деп макулдаштык. Биринчи кезекте алардан өзөктүк отун сатып алабыз", — деген Орбан.
Орбан Будапешттеги Россия менен АКШнын саммити тууралуу айтып жатып, жолугушуу күн тартибинде турганын, так датасы жок экенин, бирок ал шарттар аткарылгандан кийин болорун белгилеген. Ошондой эле Трампка Украинадагы абалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.
Трамп менен Орбан Россия менен Американын саммити жылдырылгандан кийин Ак үйдө биринчи жолу кезикти. Сүйлөшүүлөрдүн башында Трамп Будапештте россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. Саммиттин болбой калышын ал Украинадагы россиялык аскерлер чабуулун токтотпой жатканы менен түшүндүргөн.
Ага чейин Орбан жолугушуу Москва менен Вашингтон "бир-эки" маселени чечкенден соң аз убакытын ичинде болушу мүмкүндүгүн билдирген. Путин менен Трамп октябрдын аягында бул боюнча макулдашып, бирок көп өтпөй америкалык лидер саммитти жокко чыгарган. Ошентсе да Кремль менен Ак үй лидерлери алдыда кезиге тургандыгын четке какпай келишет.