"Кыргыз көмүрдүн" жетекчиси Бишкекте отун тартыш деген даттанууларга жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси Кайрат Маматов Бишкекте көмүрдүн жетишсиздиги боюнча маселеге жооп берди. Аткаминердин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтканына караганда, социалдык отун базаларында көмүрдүн аз тартыштыгы бар.
Анын айтымында, суук түшкөндөн кийин эл дүрбөлөң болгон. Ортодо чайкоочулар көмүрдүн баасын көтөрө калышкан. Базалардан тоннасын 5,8 миң сомдон алып, социалдык тармактар аркылуу 7,5-8,5 миң сомдон сатышкан. Наркы асман чапчыгандыктан калк сатып албай койгон.
Маматов белгилеген жагдайлар:
борбор калаада 16 даректе социалдык базалар ачылган. Аларга көмүр үзгүлтүксүз келип турат. Бишкекке суткасына 2 миң тоннадан ашык жөнөтүлүүдө;
жакынкы базадан көмүр сатып алуу үчүн телефон чалып, кезекке жазылуу керек;
"Кыргыз көмүр" Бишкек жана Чүй облусунун тургундары белгиленген баада – 5,8 миң сомдон сатып алышы үчүн болгон аракетти көрүүдө.
Кыргызстанда кесек көмүрдү автоунаа менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды