ЖМК: Евробиримдик Россияга каршы жашыруун план даярдоодо

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. —Sputnik. Евробиримдик Россия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн жалган маалыматтарына каршы аракет көрүү үчүн атайын борбор түзүүгө белсенип жатканын The Guardian британиялык басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Ачыкка чыгып кеткен документке ылайык, Евробиримдиктин аткаруу бийлиги Россия жана башка авторитардык бийликтер тарабынан болгон жалган маалыматка каршы туруу үчүн Демократиялык туруктуулук борборун түзүүнү пландап жатат", — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматы боюнча, документ 12-ноябрда жарыяланышы керек, демилгенин автору — Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.
Материалда Европа эң чоң коркунучту Россиянын Батыштагы таасири үчүн күрөшүүгө багытталган гибриддик чабуулдарынан көрөрү айтылат. Ошондой эле кооптуулукту Кытай жаратат. Басылманын жазышынча, өлкө дүйнө жүзүнө Пекиндин кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайылтып келет.
Борборго мүчөлүк Евробиримдиктин катышуучулары, ошондой эле биримдикке кирүүнү каалаган өлкөлөргө ыктыярдуу болмокчу. Ал эми Улуу Британия "пикирлеш-өнөктөш" катары мүчөлүккө алына алат.
Буга чейин РФ лидери Владимир Путин чет өлкөлөрдө Россияга каршы маалыматтык согушту көздөгөн жаңы "эл аралык уюмдар" жана улуттук жалган борборлор түзүлүп жатканын эске салган.
Ошондой эле Россия лидери Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салбай турганын, мунун мааниси жок экенин түшүндүрүп келет. Ал Батыш саясатчылары өз элин ички маселелерден алаксытуу үчүн ойдон чыгарылган россиялык коркунучтарды билдирип турарын, бирок акылы бар адамдар бул фейк экенин жакшы билишерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Европадагы өкүлү: Киевге курал ташуу акыры жеңилүүгө кептейт