Бишкекте 200дөн ашык селсаяк аныкталып, айрымдары уурулукка шектелүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. —Sputnik. Бишкекте милиционерлер селсаяктарды аныктоо боюнча рейд өткөрүп, үй-жайы жок 200дөн ашык кишини аныктаганын шаардык милиция кабарлады.
Иш-чарага 500дөн ашык кызматкер тартылган. Алар автобекеттерди, жертөлөлөрдү, кароосуз калган имараттарды, чатырларды жана башка селсаяктар жайгашышы мүмкүн болгон жерлерди текшерген.
Натыйжада 200дөн ашык адам аныкталып, айрымдары убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилген. Кээ бири коомдук тартипти бузуп же кылмыш кылганы үчүн милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Арасында уурулукка, мүлктү уурдоого шектелгендер бар.
"Рейддин негизги максаты — мыйзам бузууларды алдын алуу, үй-жайы жок жана ишсиз адамдарды аныктоо, ошондой эле суук түшүп жаткан учурда кыйын кырдаалда калган жарандарга жардам көрсөтүү", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар адамдарды кабыл ала баштады