БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 2001-2005-жылдар аралыгында АКШнын мамлекеттик катчысы болгон Колин Пауэллдин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары, Кургактагы аскерлердин отставкадагы полковниги Лоуренс Уилкерсон Россиянын президенти Владимир Путиндин атайын операцияны эмне үчүн баштаганын так түшүнөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новостиге берген маегинде айтканын басылма жазды.
"Украинаны НАТОго киргизүү боюнча бардык аракеттерибизде мен түшүнбөгөн жагдайлар аябай көп болчу. Биз ушул демилгени баштаганыбызды, бул процессти 2005, 2006-жылдары жетектеп, 2011, 2012, 2013 жана 2014-жылдары активдүү ишке ашырып жатканыбызды билгенде, биз айнып калдык, таптакыр эле акылыбыздан аздык деп ойлодум. Ошого карабай республикачылар да, демократтар да колдоп туруп алды. РФ президенти мындай аракеттин аркасында өз өлкөсүнө экзистенциялык коркунуч жаралганын сезди. Ошондуктан ал киши алдын ала чара көрдү. Кесипкөй аскер адамы катары мен анын эмне үчүн чара көргөнүн так түшүнөм", — деп баса белгилеген Уилкерсон.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, РФ 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай бергенин белгилеген.