Захарова: украиналык балдардын тагдыры Киевди кызыктырбайт

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Украиналык балдардын тагдыры Владимир Зеленскийди да, анын тегерегиндегилерди да кызыктырбайт, ал эми Киев Батыштан акча өндүрүш үчүн балдар уурдалды деген теманы чарчабай көтөрүүдө. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты.
"Чынында балдардын өздөрү да, алардын психологиялык саламаттыгы да бул кылмыштуу неонацисттик бийлик үчүн маанилүү эмес. Бөбөктөр — алар үчүн фактор, курал жана шылтоо", — деди Захарова бүгүнкү брифингде.
Дипломат Зеленский жана анын тегерегиндегилер жаңы каржылоо алыш үчүн аянычтуу болуп көрүнүүнү адат кылып алган жана дүйнө коомчулугуна балдар уурдалды деген теманы көтөрүп чыгуудан тажабайт. Захарова алар демөөрчүлөрдөн алган акчаларын кайрымдуулук фонду менен мыйзамдаштырып турушарын белгиледи.
Ошол эле учурда РФ ТИМинин расмий өкүлү белгилегендей, 2014-жылдагы төңкөрүштөн кийин Украинада балдардын психикасын бузган тарбиялоо ыкмалары жана аларды керек болгондо колдонуп, кийин таштап салчу буюм катары кабылдоо кадимки көрүнүшкө айланып кеткен.
"Батыш Европадагы миңдеген, миңдеген балдар бар экенин көрүп турабыз, ошол мейкиндикке сиңип кеткендей элес калтырат. Алар кайда кантип жатышат, эч ким билбейт жана эсеп-чотко алган жан жок", — деген Захарова.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин тынчтык орнотууга эрки жетпейт. Захарованын брифинги