БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Коррупциялык иштерге айыпталган Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Октябрь райондук соту билдирди.
Маалыматка караганда, анын кол алдындагы кызматкерлери менен подрядчы компаниянын жетекчисин дагы камакка алуу чечими чыгарылган.
Алар төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды:
Максат Нусувалиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды;
Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А., Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы И.Г.Ж. жана "Аль-Кадыр-Сантехсервис" ЖЧКсынын (подрядчы) директору К.Т.Э. мүлкү конфискацияланып, ар бири 12 жылдан эркинен ажыратылды;
техникалык көзөмөл боюнча адис А.А.Ж. мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга камалды.
Эске салсак, быйыл Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жазалар күчүнө кирген. Жогорудагы адамдар жаңы мыйзам боюнча биринчи болуп соттолду. Алар жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөшөт.
Быйыл июнда Камчыбек Ташиев Токмок шаарына текшерүү менен барып, жолугушуу учурунда Нусувалиевди, анын кол алдындагыларды жана подрядчыны элдин даттанууларынан кийин камакка алууну буйруган. Мэр эртеси кызматынан бошотулган.