Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык үйлөр курулуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жай комплекси салынып жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Долбоор боюнча, үйдүн тогуз блогу 9 кабаттуу, 20 блогу 15 кабаттуу болуп, бир кабатта беш батир жайгашат. Турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда. Ар бирине жеке газ мештер орнотулат. Анда жалпы жонунан 1905 батир болот.
Курулуш иштеринин жүрүшүн көрүү үчүн барган Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлөрүн билдирген.
Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн балдар жана спорт аянтчалары, жашыл аймак, тротуарлар, автотоктотуучу жайлар жайгашып, мектеп менен бала бакча жакын жерде болот.
Талас шаарында ипотекага берүү үчүн 405 батирлүү 9 кабат үйлөр курула баштады