Ташиев төрт балалуу жалгыз бой энеге батир берди. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 36 жаштагы төрт балалуу жалгыз бой эне Элеонора Нуралиевага батир берди. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Комитеттин жетекчисине алар жашоо-турмушунун начардыгынан улам материалдык жардам сурап кайрылышкан.
Маалыматта келиндин жашоосунда өтө кыйналганы айтылат. Төрттөгү кезинде өз энеси бирөөгө 1,5 миң сомго сатып жиберген. 13 жашынан тарта балдар үйүндө тарбияланып, билим алган эмес. Ал 19унда тун чүрпөсүн төрөгөн. Кийин балдар үйүндө чоңойгон жигиттен дагы үч наристелүү болгону, бирок атасы аларга каралашпай келгени айтылды.
Келиндин төрт жаштагы уулу өнүгүүнүн кечеңдеши менен жабыркап келет.
Буга чейин Нуралиева баш калкалаган имараттардын биринде тигүү цехинде иштеген, бирок 2025-жылдын сентябрында акчасынын жоктугунан улам турак жайсыз калат. 29-сентябрда балдары менен Бишкек мэриясынын "Аялзат" муниципалдык кризистик борборуна жайгаштырылган.
Ташиев көмөк көрсөтүп, жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, банктагы карызын жаап, паспорт алууга жардам берди.
Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды