Россия АКШ жана башка өлкөлөрдүн өзөктүк куралдарына көз салып турат

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Россиянын тиешелүү ведомстволору АКШнын жана башка мамлекеттердин өзөктүк курал жаатындагы кадамдарын байкап, карап турат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бүгүнкү брифингде айтты.
"Албетте, Россиянын тармактык ведомстволору Кошмо Штаттардын жана башка мамлекеттердин өзөктүк куралдар жаатындагы иштерине тыкыр көз салып турат. Америкалык арсеналдагы стратегиялык чабуулдарды койгон куралдар да көңүл сыртында калган жок", — деди ал.
Шаршембиде АКШ Minuteman III аталышындагы континенттер аралык баллистикалык ракетаны сынаган.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр менен "теңтайлаша" өзөктүк куралды сыноо аракеттерин баштоого буйрук бергенин жар салган. Анткен менен ракета учуруу пландуу болгон. АКШда жарым кылымдан ашык убакыттан бери келе жаткан Minuteman III комплексиндеги ракеталардын даярдыгын жана тактыгын текшерүү жасалып эле жүрчү иштердин алкагында жүргүзүлгөнүн айтышты.
РФ ТИМи НАТОнун өзөктүк машыгуулары кырдаалды чайпалтарын айтты