Параддан согушка кеткен аскерлер боюнча 84 жыл мурдагы видео

1941-жылы 7-ноябрда Кызыл аянтта Октябрь революциясынын урматына парад болгон.
Sputnik
Бул учурда Борбор калаадан 50 чакырым аралыкта немецтер Москваны басып алуу боюнча операция даярдап жатышкан.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда бул парадга жашыруун даярдык көрүлүп, жүрүш саат 08.00дө башталган. Ага генерал-лейтенант Павел Артемьев командачылык кылса, СССРдин Коргоонуу боюнча элдик комиссарынын биринчи орун басары Семен Буденный кабыл алган.
"Ата-бабалардын: Невскийдин, Донскойдун, Мининдин, Пожарскийдин, Суворовдун жана Кутузовдун эрдиги сиздерди шыктандырсын!" — деп Иосиф Сталин мавзолейдин трибунасынан Кызыл армияга дем берген.
Пехотанын артынан кавалериянын эскадрондору, пулемет тачанкалары, эки танк батальону өткөн. 28,5 миң аскер адамы катышкан парад 25 мүнөткө созулуп, советтик жокерлер ошол жерден эле фронтко жөнөгөн.
Бир айдан кийин немецтер алгачкы жолу жеңилген.
"Бул парад — согуш учурунда боло турган эрдиктин жана ишенимдин мыкты көрүнүшү", — деп британиялык Daily Mail басылмасы жазган.