БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине 2025–2029-жылдар аралыгына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Эске салсак, Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун 43-сессиясы өтүп жатат.
Аткаруу кеңеши – башкы конференциянын ишин даярдоого, анын чечимдерин ишке ашырууга, ошондой эле уюмдун стратегиялык жана программалык багыттарын аныктоого жооп берген ЮНЕСКОнун негизги жетекчи органы.
Кеңеш төрт жылдык мөөнөткө шайланган 58 мүчө мамлекеттен турат. Буга чейин Кыргызстан 2019–2023-жылдары аталган органда натыйжалуу иш алып барган.
Мындан тышкары, 2012–2016-жылдары Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин мүчөсү болгон. Ал эми 2017–2021-жылдары өлкө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар комитетинде жана Эл аралык коммуникацияны өнүктүрүү программасынын (IPDC) өкмөт аралык кеңешинде өкүлдүк кылган.
Өлкөнүн туруктуу шайланышы анын ЮНЕСКОнун максаттары менен программаларын ишке ашырууга активдүү катышуусун, туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон салымын, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку ишенимин тастыктайт.
Эске салсак, ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыздын бир нече маданий мурасы кирген. Алардын соңкусу элечек болду.