Акыркы үч жылда депозиттердин көлөмү 200 миллиард сомго жеткен. Бул тууралуу Кубаныч Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каражат үнөмдөө жаатында жылына 300гө жакын иш-чара өткөрүлөт.
"Үнөмдөөнүн дүйнөлүк күнү" дүйнөдө 100 жылдан бери белгиленет, Кыргызстанга келгенине 10 жыл болду. Ошондон бери жылына 300дөй ар кандай иш-чара өткөрүлүп келет, өнөктөштөрүбүз да көбөйдү. Бул иштер калктын финансылык сабаттуулугун өстүрүү, каражат топтоону үйрөтүү максатында жасалат. Мисалы, "ар бир кирешенин 20 пайызын топтоого арнашыңыз керек" десем аны угуп, бирок аткарбаса пайда жок. Каржылык сабаттуулук — билим, аракет жана жыйынтыктын жыйындысы. Билим алып, аны ишке ашыруу да жөнөкөй иш эмес. Ошол себептен окутуулар, акциялар жүргүзүлүп турат", — деди ал.
Ал эл аралык стандарттарга ылайык финансылык сабаттуулукту анализдеген иликтөөлөр жүргүзүлүп турарын белгиледи.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы менен 2017-жылы финансылык аракеттер 0,5 пайызга өскөн. 2015-жылдын августунда жеке тараптардын депозиттеринин көлөмү 34,9 миллиард сом эле. Ал эми ушул жылдын август айына карасак, бул көрсөткүч 252,9 миллиард сомду түздү. Демек, депозиттердин көлөмү 7 эсе өскөн. Эгер бир жылдыкына көз салсак, жыл башында 204 миллиард болсо, августта 252 миллиардды түзүп жатат. Мында 48 миллиард сомго жогорулаганын көрөбүз. Депозиттик көрсөткүчтү 100 миллиард сомго жеткирүү үчүн 2015-жылдан 2022-жылга чейин беш жыл убакыт сарпталса, 2022-жылдын 2025-жылга чейинки үч жылдык убакытта 200 миллиард сомго жеткен. Мунун өзү калктын финансылык сабаттуулугунун жогорулаганын көрсөтүүдө", — деди Мусуралиев.
Ал депозиттердин өсүшүнө аманаттарды, депозиттерди коргоо системасы өбөлгө болгонун кошумчалады.