Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбор калаада самбо боюнча дүйнө чемпионаты салтанат менен ачылып, ишин баштады. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.
Спорттук таймаш бүгүн башталып, 9-ноябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу келген. Жалпысынан 31 медаль топтому ойнотулмакчы.
Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

"Бул спорт адамдарды бириктирип, чек араларды жоюп, адамзаттын башкы идеалдарын: тынчтыкты, достукту жана өз ара урматтоону ишке ашыра тургандыгынын ачык далили. Аталган чемпионаттын өзгөчө мааниси бар – ал Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналды. Биздин өлкөдө бул спорттун тарыхы 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын алгачкы негизин түптөгөндө башталган. Ошондон бери самбо Кыргызстандын спорттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калды", — деди өкмөттүн башчысы.

Касымалиев дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчуларга кайрылып, алардын өз өлкөсүнүн сыймыгы, туруктуулуктун үлгүсү экенин белгилеген.
Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго 500 миң сомдун сертификатын тапшырды