Эгемендигин коргошу керек. Батышка каршы Украинанын эки фронту барын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Европа Украинадагы укук коргоо органдары менен сот системасын көзөмөлгө алуу максатында жогорку кызматтарга тандоо өткөрүүгө эл аралык эксперттерди тартууда. Бул туурасында Зеленскийдин саясатына жакын "Слуга народа" партиясынын өкүлү билдиргенин РИА Новости "Страна.ua" басылмасына таянып жазды.
"ЕКтин доклады Украина бийлиги менен коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча бир топ эле чыңалуу бар экенин көрсөттү. Европалыктар Украинанын коррупцияга каршы улуттук бюросуна жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратурага колдонгон ыкмаларды кайрадан пайдаланып, дээрлик бүтүндөй укук коргоо системасын, сотторду көзөмөлүнө алгысы келүүдө. Бул тармактарды Зеленскийдин бийлигинен бөлүп коюуга ниет кылышууда", — деп жазылган материалда.
Маалымат берген кишинин айтымында, Европанын Киевдеги кадамдары туура эмес деп эсептелет жана бул Украинанын "эгемендигине түздөн-түз кийлигишүү" болуп жатат.
"Азыр Украинага эгемендигин эки фронтто коргоого туура келет. Алар — Чыгыштан келген ачык душман жана Батыштын өнөктөшү деп аталган күчтөр", — деп айтылат маалыматта.
ЕКтин 4-ноябрдагы отчетунда Украинанын ЕБдеги мүчөлүгүнүн келечеги туурасында сөз болгон. Анда Киев бийлигинин жогорудагы антикоррупциялык эки органдын көз карандысыздыгынан ажыратуу аракети алардын коррупция менен күрөшүүгө даяр экендигинен шек санатат деп айтылат. Бул украин тартип сакчыларынын олуттуу көйгөйү болуп жатканын белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан Украинада тынчтык орнотууга ким жолтоо болуп жатканын айтты