8-ноябрга карата аба ырайы

8-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ишембиде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11, Талас, Ысык-Көл облустарында 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Нарын өрөөнүндө 1…6 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 8…10, Ош шаарында 12…14 градус болот.
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык үйлөр курулуп жатат