Кыргыз спорт журналистикасына эмне жетишпейт — Спорт журналисттер федерациясы түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Sputnik
Быйыл Кыргызстандын Спорт журналисттер федерациясы түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Акыркы жылдары кыргыз спорту эл аралык аренада байма-бай ийгиликтерге жетишип, спорт жаңылыктарына болгон кызыгуу да артты. Бирок, спорт журналистикасы да заман менен кошо өзгөрүүнү, жаңы форматтарды, санариптик медианы өздөштүрүүнү талап кылууда. Кесипкөйлүк, аналитика, медиа маданияты жана спорттук контенттин сапаты бүгүн актуалдуу темалардын бири болуп калды. Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешов бул тармактын тарыхы, калыптанышы тууралуу айтып берди.