УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 36 жаштагы төрт балалуу жалгыз бой эне Элеонора Нуралиевага батир берди. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.Комитеттин жетекчисине алар жашоо-турмушунун начардыгынан улам материалдык жардам сурап кайрылышкан.Маалыматта келиндин жашоосунда өтө кыйналганы айтылат. Төрттөгү кезинде өз энеси бирөөгө 1,5 миң сомго сатып жиберген. 13 жашынан тарта балдар үйүндө тарбияланып, билим алган эмес. Ал 19унда тун чүрпөсүн төрөгөн. Кийин балдар үйүндө чоңойгон жигиттен дагы үч наристелүү болгону, бирок атасы аларга каралашпай келгени айтылды.Келиндин төрт жаштагы уулу өнүгүүнүн кечеңдеши менен жабыркап келет.Буга чейин Нуралиева баш калкалаган имараттардын биринде тигүү цехинде иштеген, бирок 2025-жылдын сентябрында акчасынын жоктугунан улам турак жайсыз калат. 29-сентябрда балдары менен Бишкек мэриясынын "Аялзат" муниципалдык кризистик борборуна жайгаштырылган.Ташиев көмөк көрсөтүп, жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, банктагы карызын жаап, паспорт алууга жардам берди.
Жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү акырындык менен Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин тийгизет, бирок жумуш орундарын азырынча жапырт алмаштырып жибере албайт. Бул тууралуу экономика жана мамлекеттик башкаруу боюнча көз карандысыз эксперт Алмаз Насыров Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда билдирди. Дүйнөлүк экономикалык форумдун сурамжылоосуна ылайык, дүйнө жүзү боюнча компаниялардын 41 пайызы процесстерди автоматташтыруудан улам кызматкерлерди кыскартууну пландаштырууда. Насыров белгилегендей, бул тенденция Борбордук Азия чөлкөмүнө да жетип, өзгөчө маалыматтарды иштеп чыгууга, бухгалтердик эсепке, кеңсени башкарууга жана дизайнга байланыштуу чөйрөлөргө таасир этиши мүмкүн.Ал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ЖИни адаптациялоо жана окутуу программаларын ишке ашыруу эң майнаптуу стратегия болот деп эсептейт. Бул социалдык көйгөйлөрдү азайтып, кесепетин жумшартат. "Нейрондук тармактарды кеңири жайылтуу жаңы технологияларга ыңгайлашкандар менен ага көнбөгөндөрдүн ортосундагы социалдык ажырымга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан адистерди системалуу даярдоону азыртан баштоо зарыл", — деди Насыров. Эксперттин айтымында, автоматташтыруунун иш жүзүндөгү кесепеттери аймактагы ар бир өлкөнүн технологиялык өнүгүү деңгээлине жараша болот, бирок жакынкы жылдарда Борбор Азияда адамдарды жапырт эле жасалма интеллект менен алмаштыруу кооптуулугу жок.
Украиналык балдардын тагдыры Владимир Зеленскийди да, анын тегерегиндегилерди да кызыктырбайт, ал эми Киев Батыштан акча өндүрүш үчүн балдар уурдалды деген теманы чарчабай көтөрүүдө. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты. "Чынында балдардын өздөрү да, алардын психологиялык саламаттыгы да бул кылмыштуу неонацисттик бийлик үчүн маанилүү эмес. Бөбөктөр — алар үчүн фактор, курал жана шылтоо", — деди Захарова бүгүнкү брифингде.Дипломат Зеленский жана анын тегерегиндегилер жаңы каржылоо алыш үчүн аянычтуу болуп көрүнүүнү адат кылып алган жана дүйнө коомчулугуна балдар уурдалды деген теманы көтөрүп чыгуудан тажабайт. Захарова алар демөөрчүлөрдөн алган акчаларын кайрымдуулук фонду менен мыйзамдаштырып турушарын белгиледи.