Кычыраган кыш босогого келип, ашууларга кар түшө баштады. Кыш мезгили унаа жолдордо кошумча кыйынчылыкты пайда кылып, жол кырсыктарын көбөйтөт. Андыктан бул мезгил жолду тейлеген кызматтардан да айдоочулардан да өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул кыш мезгилинде республикалык деңгээлдеги жолдордо коопсуздук кандай камсыздалары тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол - Түндүк" мамлекеттик ишканасынын Автожолдорду куруу, оңдоо-тейлөө жана күтүү боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Нарманбет Мыктаралиев жана ӨКМга караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгынын башкы адиси Адилхан Өскөнов жооп берди.