УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жашоо-шарты оор болгон жалгыз бой энеге батир белек кылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ага ылайык, 36 жаштагы Элеонора башынан оор турмушту өткөргөн. Ал төрттөгү кезинде өз энеси бирөөгө 1,5 миң сомго сатып жиберген. 13 жашынан тарта балдар үйүндө тарбияланып, билим алган эмес. 19унда тун чүрпөсүн төрөгөн. Кийин балдар үйүндө тарбияланган жигиттен дагы 3 наристелүү болгон. Бирок ал балдарына каралашпай келгени айтылды. Келиндин 4 жаштагы уулу өнүгүүнүн кечеңдеши менен жабыркап келет. Жогоруда айтылган шарттын баары эске алынып, Ташиев жалгыз бой энеге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, банктагы карызын жаап, паспорт алууга жардам берди.
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жай комплекси салынып жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди. Долбоор боюнча, үйдүн тогуз блогу 9 кабаттуу, 20 блогу 15 кабаттуу болуп, бир кабатта беш батир жайгашат. Турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда. Ар бирине жеке газ мештер орнотулат. Анда жалпы жонунан 1905 батир болот.Курулуш иштеринин жүрүшүн көрүү үчүн барган Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлөрүн билдирген. Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн балдар жана спорт аянтчалары, жашыл аймак, тротуарлар, автотоктотуучу жайлар жайгашып, мектеп менен бала бакча жакын жерде болот.
Бишкек шаарындагы Эски аянтта Кыргызстанда тигилген кийимдердин жарманкеси өтүп жатат. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жарманке үч күнгө пландаштырылган, 9-ноябрга чейин уланат. Иш-чара Экономика министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борбору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду. Жарандар жана шаар коноктору жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын продукциялары менен таанышып, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада алардын продукцияларын сатып ала алышат.
Европа Украинадагы укук коргоо органдары менен сот системасын көзөмөлгө алуу максатында жогорку кызматтарга тандоо өткөрүүгө эл аралык эксперттерди тартууда. Бул туурасында Зеленскийдин саясатына жакын "Слуга народа" партиясынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды. "ЕКтин доклады Украина бийлиги менен коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча бир топ эле чыңалуу бар экенин көрсөттү. Европалыктар Украинанын коррупцияга каршы улуттук бюросуна жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратурага колдонгон ыкмаларды кайрадан пайдаланып, дээрлик бүтүндөй укук коргоо системасын, сотторду көзөмөлүнө алгысы келүүдө. Бул тармактарды Зеленскийдин бийлигинен бөлүп коюуга ниет кылышууда", — деп жазылган материалда. Маалымат берген кишинин айтымында, Европанын Киевдеги кадамдары туура эмес деп эсептелет жана бул Украинанын "эгемендигине түздөн-түз кийлигишүү" болуп жатат.