Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчы 6-ноябрда Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия — АКШ" саммитинде сүйлөгөн.Жапаров аймакта экономикалык өсүш боюнча оң динамика байкалып жатканын, бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алаканы кеңейтүү, Америка инвестицияларын тартуу маанилүү экенин белгилегени айтылды."Тарыхта Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттогон эмес. Бирок акыркы беш жыл ичинде IT-кызматтарынын экспорту 45 эсе көбөйдү. 2024-жылы кыргыз IT-адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетине кызматтарын 130 миллион долларга экспорттогон. Анын ичинде кызматтардын 40 пайызы АКШга, Силикон өрөөнүндөгү компанияларга көрсөтүлгөн", — деди президент. Жапаров эл аралык Chainalysis индексине ылайык Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштай алат.
Кыргызстан 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону ЮНЕСКОго сунуштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Аталган ведомствонун жетекчиси Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКОнун Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиясынын жыйынында сүйлөгөн. Иш-чара 6-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. "Министр ЮНЕСКОго 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону сунуштады. Демилге Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу катчылыгы тарабынан даярдалып, уюмга мүчө 22 өлкө тарабынан колдоого алынды", — деп айтылат маалыматта.Мамбеталиев ошондой эле катышуучуларды 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган. "Көчмөн мурасынын эл аралык күнүн белгилөө менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү — эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана маданият, илим аркылуу муундар ортосундагы диалог үчүн аянтча түзүүгө өбөлгө болот", — деген министр.Ал ошондой эле ЮНЕСКО уюмуна жана бардык мүчө мамлекеттерге ыраазычылык билдирип, демилгени бир добуштан колдоп берүүгө чакырган.
9 айда Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 22 млрд долларды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Кытайдын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолугушуусунда белгилүү болду. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүү боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Ганьсу провинциясы айыл чарба багытында жогорку дараметке ээ, үрөн өндүрүүдө Кытайдын 70 пайызын камсыздайт жана илимий изилдөө институттары менен белгилүү. Жолугушууда Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-карагана бадалы менен күрөшүү маселеси сөз болду. Анда жайыттарды ээлеп жаткан тикендүү алтыгана-карагана бадалын жок кылуу гана эмес, аны кайра иштетүү жолу менен тоют жана жер семирткич чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу сүйлөшүлдү. Ошондой эле, картошка өстүрүүдө Кыргызстанды Кытайдын атайын техникалары менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо сүйлөшүлүп, бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистери иш алып бара турган болду.