Мал союучу жайлар ЕАЭБдин санитардык жана техникалык талаптарына жооп береби?

Sputnik
Кыргызстан боюнча учурда 117 мал союучу жай катталган. Алардын ичинен 17си санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербегени үчүн жабылган. Калган 100 касапкананын 11и үчүнчү өлкөлөргө эт экспорттоого каралган ЕАЭБдин стандарттарына жооп берет.
Учурда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы көзөмөлдөөчү орган катары текшерүү жана айыпка жыгуу укугуна ээ болуп жатат. Бул жагдай мал союучу жайлардагы санитардык-гигиеналык абалды, өндүрүш шарттарын жана сапатты иретке келтирүүгө өбөлгө болот.
Маектин жүрүшүндө өлкөдөгү мал союучу жайлардын абалы, ЕАЭБ талаптарына шайкештик, көзөмөл жана модернизация иштери тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков кенен маалымат берди.