Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эки лидер Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашкан. Мында кеп саясий багытта, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташуу тууралуу болуп жатат.Жапаров Кыргызстанда нефть жана газдын запасы жок экенин белгилеп, өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар менен өнүгүп келе жаткан IT тармагы экенине токтолгон. Финансылык технологиялар жаатындагы кызматташууга көңүл буруп, Трамптын стейблкоинди жөнгө сала турган Genius Act мыйзамын белгилеген. Өлкө башчысы улуттук KGST стейблкоининин чыгарылышы жана мамлекеттик крипторезерв түзүү демилгеси тууралуу да айтып бергени айтылды. Трамп кыргызстандык кесиптешин жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамиле ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. АКШ президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
Энергетика министрлиги электр энергиясындагы чексиз тарифти сунуштоо маселесине байланыштуу расмий билдирүү таратты.Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) АКсы электр энергиясы жетпей жатса каалоочулар чексиз тарифке өтүп алса болорун билдирген. Бул сунуш коомчулуктун сынына кабылып, президент Садыр Жапаров министр Таалайбек Ибраевди жемелеген.Президент электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта буга жол берилбестигин, коомдо социалдык ажырымды жаратышы мүмкүн экенин белгилеген. Энергетика министрлигинин билдирүүсү боюнча, жогоруда айтылган демилге алдын ала министрлик менен макулдашылбастан көтөрүлгөн. Буга байланыштуу ишканага териштирүү жүргүзүү боюнча кат жолдонгон. Натыйжада КУЭТтин башкы директору Ильгиз Садыгалиев менен анын орун басары Уларбек Дүйшө уулуна сөгүш берилип, электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчиси Исабек Орозбаев кызматынан бошотулду. Министрликтен ишканага калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырмасы коюлганын кошумчалашты.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Бириккен Араб Эмирликтери менен транспорт, инфраструктура жана логистиканы санариптештирүү жаатында кызматташууну пландаштырууда. Бул тууралуу ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин Абу-Даби порттору тобунун жетекчиси жана башкаруучу директору Мохамед Жума Аль Шамиси менен Абу-Дабиде өткөн жолугушуусунда айтылды. Кызматташтыктын негизги максаты санариптик транспорттук коридорлорду жана санариптик кластерлерди түзүүдө алдыңкы технологияларга ээ, транспорттук жана логистикалык чечимдерди камсыздоочу AD Ports Group компаниясынын тажрыйбасын изилдөө болуп саналат.Мохаммед Жума Аль Шамиси белгилегендей, ЕЭК менен түзүлгөн келишимдер дүйнөлүк соода жолдорун бириктирүүдө жана БАЭ менен ЕАЭБдин стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. "Биз терминалдарды эксплуатацияга берүү, санариптик трансформация жана деңиз транспорту боюнча кеңири тажрыйбабыз менен бөлүшүп, өзүбүзгө да, өнөктөштөргө да пайда алып келе турган туруктуу жана натыйжалуу жеткирүү чынжырларын түзүүнү көздөп жатабыз", — деди ал.Тараптар 2025-2026-жылдары кызматташууну караган протоколго кол коюшту. Анын алкагында алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу жана Евразия экономикалык биримдигинде жаңы логистикалык борборлорду түзүү пландалууда