Бишкекте 13-14-ноябрда “Кыргызстан ЭКСПО 2025” көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө өндүрүүчүлөр, экспортерлор, инвесторлор жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн аянтча катары кызмат кылат. Катышуучулар келишим түзүп, өнөктөштөрдү таап, жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды көрсөтө алышат. Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рыноктогу орду, экспорт, инвестиция тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев маек курду.