ЖКККББ жаңы жетекчилүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка Азенбек Козукеев дайындалды. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.
43 жаштагы Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.
ИИМден анын ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтоп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен деп сыпатташты.
Ал эми аталган башкармалыкты мурда жетектеп турган Жеңишбек Жоробеков Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш начар жүргүзүлүп, автокырсыктардын саны кескин өсүп кетти деп кызматынан алынган.
Айдоочулукка үйрөткөн 14 айлык окуу. Бийлик чоо-жайын түшүндүрдү