БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Бириккен Араб Эмирликтери менен транспорт, инфраструктура жана логистиканы санариптештирүү жаатында кызматташууну пландаштырууда. Бул тууралуу ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин Абу-Даби порттору тобунун жетекчиси жана башкаруучу директору Мохамед Жума Аль Шамиси менен Абу-Дабиде өткөн жолугушуусунда айтылды.
Кызматташтыктын негизги максаты санариптик транспорттук коридорлорду жана санариптик кластерлерди түзүүдө алдыңкы технологияларга ээ, транспорттук жана логистикалык чечимдерди камсыздоочу AD Ports Group компаниясынын тажрыйбасын изилдөө болуп саналат.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"AD Ports Group сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги өнөктөш менен транспорт жана инфраструктура жаатында кызматташуу ЕАЭБдин эл аралык транспорттук-логистикалык байланыштарын андан ары өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Биздин кызматташтыгыбыз ЕАЭБдин БАЭ менен мамилесин өнүктүрүп, пайда алып келет", — деди Кожошев.
Мохаммед Жума Аль Шамиси белгилегендей, ЕЭК менен түзүлгөн келишимдер дүйнөлүк соода жолдорун бириктирүүдө жана БАЭ менен ЕАЭБдин стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.
"Биз терминалдарды эксплуатацияга берүү, санариптик трансформация жана деңиз транспорту боюнча кеңири тажрыйбабыз менен бөлүшүп, өзүбүзгө да, өнөктөштөргө да пайда алып келе турган туруктуу жана натыйжалуу жеткирүү чынжырларын түзүүнү көздөп жатабыз", — деди ал.
Тараптар 2025-2026-жылдары кызматташууну караган протоколго кол коюшту. Анын алкагында алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу жана Евразия экономикалык биримдигинде жаңы логистикалык борборлорду түзүү пландалууда.