Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын көлөмү өстү

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринен келген инвестициянын көлөмү өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта биринчи жарым жылдыкта биримдик өлкөлөрүнөн келген түз инвестициянын көлөмү 171,3 миллион долларды түзгөнү айтылат. Былтыр ушул эле маалда 137,7 миллион доллар болгон.
Россия — 106,3 миллион доллар;
Казакстан — 63,9 миллион;
Беларусь — 1,1 миллион;
Армения — 45,5 миң.
Мында Беларусь менен Казакстандан келген каражат эселеп көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.
Кыргызстанда тигилген спорт кийимдеринин ири бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат