Радио

Осмонов: зомбулук тууралуу унчукпай коюу ага жол берген менен барабар

AG Legal юридикалык фирмасынын башчысы, адвокат Бексултан Осмонов зомбулукту "үй ичинде болуп жатат" деген шылтоо актоого болбой турганын билдирди.
Sputnik
Үй-бүлөлүк зомбулукту жашыруу туура эмес, анткени бул уяттын эмес, укуктун маселеси. Бул тууралуу Бексултан Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири экинчисине физикалык, психологиялык, экономикалык басым көрсөтүүсү кирет.
"Кемсинтүү, коркутуу, кол көтөрүү, эркине каршы аракеттер, мүлктү колдонуусуна тыюу салуу, жумушка чыкпоого мажбурлоо сыяктуу аракеттер үй-бүлөлүк зомбулукка кирет. Бул, мыйзам боюнча, кылмыш же административдик укук бузуунун түрү болуп эсептелет. Эске алуучу нерсе, булардын эч бири "үйдүн ичинде болуп жатат" деген себеп менен акталбайт. Биздин өлкөдө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө" мыйзам иштейт. Ага ылайык, зомбулукка кабылган адам прокуратура же аймактык милиция бөлүмүнө кайрылса болот. Арызды дароо кабыл алып, убактылуу коргоо буйругун чыгарууга болот. Анын негизинде зомбулук көрсөткөн адамдын жабырлануучуга жакындашына, байланышуусуна, үйгө кирүүсүнө тыюу салынат. Абал олуттуу болсо, сот коргоо мөөнөтүн үч айга чейин узарта алат. Буйрук мыйзамдык күчкө ээ, бузулган учурда зомбулук көрсөткөн адам жазага тартылат. Эгер зомбулукка кабылып жатсаңыз унчукпай отурбаңыз, дароо арыз жазыңыз же жардам сураңыз. Анткени бул уят маселе эмес, укук маселеси. Жабырлануучу адамдын укугу мамлекет тарабынан толук корголот. Укуктук жардам, психологдук колдоо жана убактылуу баш калкалоочу жай берилет", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал зомбулук тууралуу унчукпай коюу ага жол берүү менен барабар экенин кошумчалады.