БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун жол милициясы Төө-Ашууда жолго чыккандарга, автоунаа ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
ЖКККБнин Чүй облусу боюнча жетекчиси Азамат Айтбеков аталган ашууда болуп, руль башкаргандардын бир катарлары менен сүйлөштү.
Жүк ташуучу жана жеңил автоунааларды айдагандарга кышкы дөңгөлөктөрдү тагуу, темир тулпардын техникалык абалын текшерүү, тайгак жолдо ылдамдыкты жана аралыкты сактоо зарылдыгын дагы бир ирет айтып, түшүндүрүп, эскертишти.