Кыргызстан Сирияга гуманитардык жардам жеткирди. Видео, сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Сирия Араб Республикасына 150 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта колдоо атайын кызмат, Тышкы иштер министрлиги болуп Түркиянын мамлекеттик органдарынын жардамы менен уюштурулганы айтылат. Сирияга ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу азык-түлүк жөнөтүлгөн.
1 / 3

Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Сирия Араб Республикасына 150 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирди

2 / 3

Маалыматта колдоо атайын кызмат, Тышкы иштер министрлиги болуп Түркиянын мамлекеттик органдарынын жардамы менен уюштурулганы айтылат

3 / 3

Сирияга ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу азык-түлүк жөнөтүлгөн

Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкө президенти Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана Сирия элинин атынан Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы көйгөйлүү маселелерди, аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашкан.
Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды