БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Курулуш жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, эки мекеменин тескөөчүлөрү объектилерди пайдаланууга берүү актыларына кол коюу үчүн акча опузалаган деп шектелүүдө. Тергөө учурунда инспекторлор А.Т.Д. жана С.М.А. актылардын макулдашуу мөөнөтүн атайылап создуктурганы аныкталган.
Бишкектеги тигүү цехин пайдаланууга берүү актысына кол коюу үчүн А.Т.Д. 2000 доллар талап кылса, С.М.А. 27 миң сом сурап, каражат мобилдик тиркеме аркылуу которулушу керек болгон.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча иш козголгон. Анын алкагында эки шектүү акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.