Кремль "С5+1" саммитин кандай кабыл алууда? Песковдун жообу

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Борбор Азия менен алака курган мамлекеттер абдан көп, бул кеңири жайылган формат. Мындай пикирин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага "Борбор Азия — АКШ" саммитине Кремлдин позициясы тууралуу суроо узатылган.
"Кытай — Борбор Азия", "Япония — Борбор Азия", "ЕБ — Борбор Азия" жолугушуулары бар. Бул кеңири колдонулган формат. Борбор Азиядагы досторубуз, өнөктөштөрүбүз тышкы саясатындагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, мамиле куруп жатканы кадыресе көрүнүш", — деди Песков журналисттерге.
Ал Россиянын Борбор Азия менен түзүлгөн өзүнүн жолугушуу форматы бар экенин, жакында эле "РФ — БА" саммити өткөнүн эске салды. Песков Россия Борбор Азия мамлекеттери менен өзүнө да, аймактагы өнөктөштөрүнө да туура келген мамиле түзгөнүн, Москва үчүн ортодогу байланыштын мааниси өтө чоң экенин кошумчалаган.
Маалымат борбор
Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга жардам бере алат