БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы ЮНЕСКОнун "Маданий ар түрдүүлүк" сыйлыгына татыды. Жаңылык бүгүн Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) сайтына жарыяланды.
Байге 28-ноябрда академиянын 18-сыйлоо аземинде тапшырылат.
APSA сыйлыгы ЮНЕСКОнун, FIAPF федерациясынын жана Австралия өкмөтүнүн көмөгү менен 2007-жылы негизделген. Кино чөйрөсүндө аны "Азиялык Оскар" деп да коюшат.
"Кара Кызыл Сары" тасмасы жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылган. Анда килем токуган баткендик Турдугүл аттуу келиндин тагдыры баяндалат. Фильмде сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, миграция жана өлкөнүн чек ара аймактарындагы көйгөйлөр чагылдырылган.