82 жыл мурда Киевди советтик жоокерлер фашисттерден бошоткон. Видео

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1943-жылдын 3-ноябрында, советтик жоокерлер Киев шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Sputnik
Операция өтө кыска мөөнөттө иштелип чыккан. Согуштук жетекчилер Георгий Жуков менен Николай Ватунинге даярдык үчүн бир жума убакыт берилген.
Шаар кандайча бошотулганын баяндап бермекчибиз.
Калааны бошотуу 1943-жылы 1-ноябрда башталган. Негизги чабуул түндүктөгү Вышгород шаарынан жасалган. Окту аяшкан эмес. Фронттун бир чакырым аралыгында 300дөн ашуун курал жайгашкан. Курал-жарак мындай көп санда Берлин үчүн салгылашта колдонулган.
Үстөккө-босток урулган сокку немецтердин коргонуусун тез эле жарып өткөн. Фашисттер катуу каршылык көрсөткөн. Советтик жоокерлерди жайлатуу үчүн шаарга өрт коюп, бирок курчоодо калуу коркунучунан улам 5-ноябрда чегине башташкан.
Оккупация оңой өткөн эмес. Согушка чейин Киевде бир миллиондой киши жашаса, бошотулган күнү болгону 183 миң шаарлык калган.