БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Эртең, 7-ноябрда, борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында "Бишкек электр тармактары" ишканасынан билдиришти.
Адистер оңдоп-түздөө жана пландалган башка өңүттөгү иштерди жүргүзөрүн айтышты.
Чыгыш РЭСи:
9:30 - 17:00 — Көлбаев көчөсүнүн тилкесинде (№ 12, 14, 16, 18, 21а үйлөрү).
Батыш РЭСи:
9:00 - 17:00 — Ак-Ордо конушу ( Кут, Каркыра көч.) жана Ак-Өргөө конушу ( Таш-Рабат, Кыбыла көч).
Түндүк РЭСи:
9:00 -13:00 — Дэн Сяопин проспектинин жана Волкова, Владимир, 9-январь жана Брест көчөлөрүнүн тилкелеринде;
9:00 - 16:00 — Мессарош көч. № 96 үйдө;
9:00 - 17:00 — Төмөнкү Ала-Арча айылында ( Совет, Коллектор, Панфилов көч.);
13:30 - 16:00 — Үмүт конушу, Пригородное айылы (Маяков көч.).