Мугалимдер үчүн жаңы санарип “Ustat” билим берүү платформасы ишке кирди. Ал мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт. Максаты мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу экени кабарланды. Бүгүнку программада да ушул платформа жана жалпы билим берүү тармагында жүрүп жаткан санариптештирүү иштеринин жүрүшү, анын бул тармакка таасири тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун директору Алмаз Токтомаметов жооп берди.