Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп келген. ИИМден анын ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтоп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен деп сыпатташты. Ал эми буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетектеп келген Жеңишбек Жоробеков Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш начар жүргүзүлүп, автокырсыктардын саны кескин өсүп кетти деп кызматынан алынган.
Төртүнчү Элдик курултайга 700 делегат катышат. Бул тууралуу Элдик Курултайга делегаттарды өткөрүү, шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында айтылды. Элдик Курултайга делегаттарды өткөрүү, шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгы астында өттү. Катышуучулар IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча негизги маселелерди, ошондой эле аны жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган бир катар иш-чараларды талкуулашты. Ошондой эле жыйында төртүнчү Элдик курултайга 700 делегат катышары, делегаттарды шайлоо 231 айыл аймакта жана 33 шаарда болуп өткөнү кабарланды. Эскерте кетсек, IV Элдик курултай 2025-жылдын 25-декабрында өтөт.
Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд өткөрүүдө. “Урматтуу айдоочулар, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга унааңыздарды токтотпооңуздарды суранабыз”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.
РФ лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трампка Россия Украинадагы абалды жөнгө салууга 10 жыл бою аракет көрүп келгенин айтып берген. Бул тууралуу америкалык лидер бизнес-форумда билдиргенин РИА Новости жазды. "Президент Путин менен эки жума мурун сүйлөштүм. Ал мага согушту токтотууга 10 жылдан бери аракет кылып келгенин, бирок максатына жетпей жатканын айтып берди", — деген АКШ жетекчиси. Трамптын айтымында, ал президенттик мөөнөтүндө бир катар жаңжалдарды токтоткон, кээсине бир саат ичинде чекит койдуруп, "БУУнун жардамы да керектелген эмес". Эскерте кетсек, Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолугуп, украин маселесин жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Эки лидер тең сүйлөшүүлөр алгылыктуу болгонун белгилешкен эле. РФ президенти саммиттин жыйынтыгы менен Украинадагы жаңжалды токтотууга мүмкүнчүлүк жаралганын айтып, Россия тынчтык узак мөөнөткө орношуна кызыкдар экенин билдирген. Путин украин чырынын аягына чыгуу үчүн пикир келишпестиктин түпкү себебин жоюу керектигин дайым айтып келет.