Электрондук окуу китеп улгайган адамдарды санариптик сабаттуулукка кантип жеткирет?

Sputnik
Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтар, төлөмдөр жана байланыштар көбүнчө интернет аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бирок улуу муун өкүлдөрү бул өзгөрүүгө ар дайым эле даяр боло бербейт. Мына ушул себептен Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги улгайган жарандар үчүн атайын электрондук окуу китепти иштеп чыкты. Бул окуу куралы кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болуп, жөнөкөй түшүндүрмөлөр, видео сабактар жана коопсуз иштөө боюнча кеңештерди камтыйт. Китеп улуу муунга смартфон же компьютерди колдонууга, интернет аркылуу кызмат алууга жана өз алдынча иштөөгө жардам берет. Ошентип, улуу муундун санариптик сабаттуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Карылар ресурстук борборунун долбоор координатору Нурдин Сатаров кененирээк айтып берди.