Ачыктыкты камсыздайт – Эми саясий партиялар, диний уюмдар, кесиптик бирликтер да каржылык отчёт берет

Sputnik
Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчёттуулугу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, 2026-жылдан баштап кесиптик бирликтер, саясий партиялар, диний жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле акысыз акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иштеген кооперативдер жыл сайын 1-апрелге чейин киреше-чыгашаларын жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттүү болду. Бүгүнкү программада дал ушул маселенин тегерегинде кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Мамлекеттик салык кызматынын методологиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Азат Сагыналиев жооп берди.