Кыргызстанда жол куруу жана жол тейлөө тармагында адистер жетишпейт — кадрларды даярдоо кандай жүрүүдө?

Sputnik
Бүгүн Кыргызстанда жол куруу жана жол тейлөө тармагы стратегиялык багыттардын бири болуп калды. Ири инфраструктуралык долбоорлор, аймактарды туташтырган жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөө иштери активдүү жүргөнү менен, бул тармактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги.
Бул тармакта кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, практикалык окутууну күчөтүү жана заманбап технологияларды өздөштүргөн адистерди даярдоо тууралуу Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору Майрамбек Долотов сөз кылды.