Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өлкөдө бир жылда ийри мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу 9 пайызга өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылга жасалма жол менен уруктандыруу максатында сатып алынуучу уруктук материалдардын жалпы көлөмү 270 миң дозаны түзөт. Бүгүнкү күнгө карата республиканын дээрлик бардык облустарына графикке ылайык 98 миңден ашуун урук материалдары акысыз таратылды. Андан тышкары, урук менен кошо "Элита" мамлекеттик ишканасында өндүрүлгөн суюк азот да атайын автоунаа менен райондук ветеринардык башкармалыктар аркылуу региондордогу техник-уруктандыруучуларга берилүүдө. Жалпысынан 264 техник-уруктандыруучулар менен райондук ветеринардык башкармалыктардын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Ушул жылдын 10 айына карата 74 248 миң баш уй уруктандырылды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 763 башка көп.
Электр эсептегичтеринин кубаттуулугу боюнча чектөөлөр чексиз тариф колдонгон абоненттерге да тиешелүү. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялар" ишканасына караштуу Электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асел Эркимбаева Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Ал тариф менен кубаттуулук эки башка нерсе экенин айткан. "Электр энергиясы көп колдонулган учурдагы чектөөлөр баарына тиешелүү", — деди Эркимбаева. Эске салсак, буга чейин энергетиктер электр энергиясына болгон жүктөм күчөгөн маалда эсептегичтердин кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөй турганын билдиришкен.
Бишкекте “Мыкты мектеп ашпозу – 2025” республикалык сынагынын финалы өттү. Сынакка өлкөнүн бардык облустарынан келген жети ашпоз катышты. Негизги талап — бир порциянын баасы 30 сомдон ашпоого тийиш жана анын курамында жергиликтүү жашылча-жемиштер колдонулушу керек эле.