Радио

Быйыл зыянкечтерден жабыркаган 843 түп кызыл карагай өрттөлдү

Токой кызматынын токойду коргоо, сактоо жана камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эрнист Токтоназаров дарактар зыянкечтердин төрт түрүнөн жабыркай тургандыгын айтты.
Sputnik
2025-жылы өлкө боюнча 10 539 гектар токой аянты зыянкечтерден жабыркаганы аныкталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 миң аянтка аз экендигин Эрнист Токтоназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республиканын токой баскан аянтынын 797 миң гектары Токой фондунун карамагында.
"Жыл сайын токой кызматкерлери дарактардын абалын изилдеп, кайсы ооруларга же зыянкечтерге чалдыгып жатканын аныкташат. Ага ылайык, былтыр өлкө боюнча 16 605 гектар токой аянты ар кандай илдетке чалдыкканы аныкталган. Быйыл бул көрсөткүч 6 миңге кыскарды, тактап айтканда, 10 539 гектардагы дарактар жабыркаган. Токой дарактары зыянкечтердин төрт түрүнөн (түгөйсүз жибек көпөлөгү, жылмакай таргылчак, сипторис жана кара коло түстөгү курт-кумурскалар) жабыркайт. Кара коло түстөгү зыянкеч менен жабыркаган дарактар карантиндик аймакта өрттөө жолу менен жок кылынат. Бул дүйнөлүк ыкма. Эгерде мындай илдетке чалдыккан даракты отун же курулуш материалдары катары колдонууга уруксат бере турган болсок, зыянкечтин жайылып кетүү коркунучу бар. Ушул жылы 843 түп кызыл карагай өрттөлдү. Мындан тышкары, зыянкечтер үчүн атайын тузакчалар уюштурулуп, быйыл 100дөйүн койдук. Жалпысынан алганда иш быйыл алгылыктуу болду. Жыйынтыгын 2026-жылы көрөбүз", — деди Токтоназаров.
Ал ошондой эле токой дарактарын химиялык жол менен дарылоого тыюу салынарын, анткени адамдарга, мал-жандыкка зыян келип калышы ыктымал экенин кошумчалады.