БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп айрым эл аралык тирешүүлөрдү токтотууда, бирок ошол эле учурда жаңыларынын жаралуусуна шарт түзүп жатат. Бул тууралуу Вашингтондогу "Евразия борборунун" мурунку вице-президенти Эрл Расмуссен айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, бүгүн АКШда президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл толду. Трамп анда демократ атаандашы Камила Харристи артка таштап, өлкөнү жетектөө вазийпасын алган.
"Трамп айрым жерлердеги кагылышууларды токтотуп, абалды жөнгө салып жатканы менен башка аймактарда жаңы тирешүүлөрдү жаратууда", — деген Расмуссен.
Эксперт буга Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Израиль менен Палестинанын согушун, Израиль менен Ирандын тирешүүсүн мисал келтирген. Расмуссен Трамптын азырынча Украина маселесин чече албай жатканына да токтолгон.
"Украин кризисин жөндөй алган жок, ырааттуу стратегия көргөн жокпуз. Россиянын коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин түшүнбөгөндүктөн чырдын түпкү себебин жоюуга умтулбай жаткандай элес калтырат. Үмүттүн шооласы пайда болору менен кайра жалп деп өчүүдө", — деген эксперт.
Расмуссен Трамптын Кариб бассейниндеги баңгизат соодасына байланышы бар деп эсептеген катерлерге сокку уруу чечимин да сынга алган. Ал Вашингтондун бажы алымын киргизип "дүйнөлүк соода согушун" ачканын эске салды.
Белгилей кетсек, Трамп өзү дүйнөдөгү ири жаңжалдарды чече алганын айтып келет. Анткен менен токтотууга оңой деп санаган украин кризисинен кыйналып, азырынча аймакта тынчтык орнотуу мүмкүн болбой жатканын моюндаган.